АКШнын Колорадо соту Трампты шайлоодон четтетти

Америка Кошмо Штаттарынын Колорадо штатынын Жогорку соту Дональд Трампты АКШнын президенттигине талапкер катары шайлоодон четтетти жана анын ысымын штаттын шайлоо бюллетенине киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, сот мындай чечимин Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы окуяга катыштыгы менен негиздеди. Анда анын тарапташтары Жо Байден жеңишке жеткен шайлоонун жыйынтыгын тастыктоону үзгүлтүккө учуратуу максатында Конгресстин имаратына чабуул жасашкан.

Соттун бул чечими Колорадо штатындагы шайлоочулар тобунун Дональд Трамп Конституцияга ылайык, президенттик шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеген доо арызына жооп болду. Анда өкмөткө каршы чыккан мамлекеттик жетекчи АКШга да каршы козголоңго катышса, ал федералдык штаттык деңгээлде мамлекеттик кызматты ээлей албасы жазылган.

«Президент Трамп бийликти тынч өткөрүп берүүнү үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн зомбулукка жана мыйзамсыз акцияларга тукуруп, колдогон», – деп жазылган соттун чечиминде.

Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү Колорадо штатынын бул чечимине апелляциялык арыз менен АКШнын Жогорку сотуна кайрылышкан. Алар штаттын Жогорку сотунун чечимин Колорадонун шайлоочуларын өз талапкери үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети жана шайлоо жараянына кийлигишүү деп баалашты.

Буга чейин эки штатта Дональд Трампты шайлоодон четтетүү аракети жергиликтүү соттор тарабынан четке кагылган. Колорадо штатынын Жогорку сотунун чечимин өлкөнүн Жогорку соту жокко чыгарбаса, Трамптын башка штаттардагы каршылаштары анын ысымын шайлоо бюллетенине киргизбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Дональд Трампка каршы ушундай эле доо арызды Мичиган штатынын Жогорку соту да карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан