31 жаштагы Кыргыз жараны Бекназар Асилбек уулу Түштүк Кореяда эссе боюнча сынакта жеңишке жетип, сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ал өзү билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын 24-ноябрында Сеул шаарында мамлекеттик деңгээлде өткөн.
Бекназар Асилбек уулу 1992-жылы 21-мартта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2013-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган соң HRD Korea EPS борбору аркылуу Түштүк Кореяга келишимдин негизинде заводго иштөөгө барган. Ал жакта 3 жыл эмгектенип, бир жыл Чоннам улуттук университетинде политология тармагында билим алган. Ошондой эле чет өлкөлүктөрдү колдоо борборунда 2 жарым жыл котормочу-консультант болуп ыктыярчылык кылган. 2017-жылы мекенине кайтып, учурда Ошто айыл чарба тармагында координатор болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү.
"Корей кыздарына кыргызча үйрөтүп, "Сары-ой" ырын ырдаттым" деген каарманым сыйлыкты Түштүк Кореянын эмгек жана адам ресурстары министри өзү жолугуп, тапшырганын айтып өттү.
"Кореяда заводдо 3 жыл эмгектенгем жана үлгүлүү жумушчу болуп эсептелем. Себеби бардык шарттарын так, туура аткаргам. Ошондуктан Кыргызстандын атынан эссе жазып катышып, жеңүүчү болдум. Корей тилинде эркин сүйлөйм. Эсседе ал мамлекетке кандай жол менен барганым жана ал жактан кандай иштеп келгеним тууралуу корей тилинде баяндагам. Ошондой эле ал жактан топтоп келген тажрыйбам менен өз өлкөмө келип кандай ийгиликтерди багындырдым мына ушулардын баарын жазгам. Ал макала өлкөдөгү журналдардын бирине басылып чыгыптыр", - дейт маектешим.
Бекназардын айтымында, Кореянын эмгек жана адам ресурстары министрлиги Кыргызстан жана андан тышкары 15 өлкөгө жумуш орундары боюнча келишим жөнөтөт. Анын негизинде өлкөнүн заводдорун чет өлкөлүк жумушчулар менен камсыздайт. "Алардын ичинен Кыргызстан эң аз квота алган өлкөлөрүн катарына кирет. Өлкөдөн Түштүк Кореяга бир гана EPS системасы аркылуу легалдуу ишке бара алышат", - дейт ал.
"Азыркы тапта Корей өлкөсүндө жумушчулардын жетишпестигинен улам чет жактардан жумушчуларды дагы көбүрөөк тартуу пландалууда. Бизден башка дагы 15 мамлекеттен жумушчулар баргандыктан бизден барган жумушчулар мыйзамсыз жумушка чыкпай, келишимдин шартын толук аткарып кайра Кыргызстанга кайткан жумушчулардын саны көбөйсө, бизге болгон квота өсөт.
Азыр Кореяга барып иштейм же окуйм деген жаштар аябай көп. Ушул тармакта көп жылдан бери жүргөндүктөн мага чалып, жазып сурап калышат. Өлкөдө Кореяга жумушка баруунун 2 эле жолу бар. Бири EPS системасы менен бир жылда бир же эки жолу экзамен тапшырып, андан өтсө базага киргизип коёт. Ал жактан заводдун жетекчилери өздөрү тандап алышат. Бирок базага киргендин баары жумушка алынышына кепилдик жок, тандалганы гана кетет. Экинчиси студенттик виза менен алар корей тилинин деңгээли боюнча экзамен тапшырып, 1 же 2-деңгээлден жогору болсо Кореянын жогорку окуу жайларына билим алууга өтө алышат. Анда дагы чакыруу келип, элчиликтен виза бергенде гана кете алышат. Мындан тышкары конок виза деген бар. Бирок ал өнөр адамдарына кандайдыр бир иш-чарага катышып келгени кыска мөөнөткө берилет. Көбүнчө биздин орус жарандыгын алган мекендештерибиз Кореяга турист катары 2 айга кирип, андан кийин мыйзамсыз чыгып кетишет. Мындан улам алар легалдуу эмес иштешет. Ошол адамдарды көрүп биздин Кыргыз жарандар көп кайрылат башкалар оңой эле барып жатат го дешип".
"Негизи эле биздин жарандар акча табуунун эң оной жолун издешет" деген каарманым учурда координаторлуктан тышкары чек арада жашаган тигүүчү аялдардын башын бириктирип, аларды окуудан өткөрүп, атаандаштыкка жооп берген кичи тигүү цехтерди күчөтүүнү мерчемдөөдө.
"Азыр жергиликтүү лидер айымдар жана тигүүчүлөр менен байланышым бар. Лейлек, Баткен райондорундагы тигүү машинасы бар чеберчилерден куралган топ түзүүнү пландап жатам. Андан кийин Бишкектен же Оштон күчтүү тигүүчүлөрдү таап аларга окууларды өткөрүүнү жана ал үчүн каражаттарды кайдан табарымды ойлонуп жатам. Чек арада жашаган кыз-келиндер жумушу жок эсе. Кээ бирлеринде машиналары бар, бирок аларга кийим тиккен ишканалардан тапшырык өтө аз берилет. Анткени жол узак жана жаңы тигип үйрөнүп жаткандар алардын талабына жооп бере албайт. Бүгүнкү күндө өлкө тарабынан социалдык обьектилер жакшы сапатта бүтүп жатат. Бирок элдин күнүмдүк тиричилигине жардам болгон долбоорлор аз. Мен ошол тармакта иш алып барууну мерчемдеп жүрөм".