
Кыргызстандын Франциядагы элчиси
Садык Шер-Нияз туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди. Бул боюнча билдирүүнү элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды
"Акыркы кездеги коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болду окшойт. Катуу талкууладык, активдүү жарандар, чыгармачыл адамдар, кары-жашы дебей бардыгы ушул маселенин тегерегинде өздөрүнүн оюн айтышты. ЖКдан Мирлан Самыйкожо иним арыстандай эле алышты окшойт. Ал инимдин дагы аракетин баалайм. Идея үчүн, ишеним үчүн ушинтип салгылашыш керек. Акыркы патрон калганча… Чынын айтсам мен деле эски туубузду жактырчумун.
Эми үч окуудан өтүптүр, мыйзам жактырылыптыр. Ал чечимди өзүбүз шайлаган депутаттарыбыз чыгарып берди.
Чемпиондор жамынган тууну десек, буйруса олимпиадада алтын алып калсак чемпиондорубуз жаңы тууну жамынып чыксын деп тилек кылалы. Ушул туу менен Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетсин, кыйынчылыгы азайып, сыймыгы көбөйсүн, максаты бийиктеп, мансабы жогоруласын деп бата тилеп отурам. Кудай буйруп ошондой болуп кетсе анда “туура эле кылыптырбыз” деп каларбыз. Ылайым ошондой эле болсун", - деп жазган элчи.
Мындан сырткары, ал бириге турган, кармана турган байрак туу боло тургандан кийин жакшы тилектер менен жаңы жылга кирүүгө чакырган.
"Элчилик кызматым аяктап деле калды, экинчи бул кызматка суранышса да барбайм. Сыйлыктардын деле баарын алып бүткөм, жакынкы арада баары бир беришпейт.
Болгону бул постту мамлекетчил киши катары ынтымакка чакырып келечекке кадам таштайлы деп жазып жатам", - деп жыйынтыктаган Садык Шер-Нияз.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун талкуусуз
кабыл алган. Эми ага президент кол коюшу керек.