Праганын борборундагы Карлов университетинде болгон атышуудан 14 адам каза болуп, 25и ар кандай деңгээлдеги жарадар болгон. Бул жаңыланган маалыматтарды Чехиянын полициясы кызматы таратты.
Кол салган адам аны жок кылуу операциясы учурунда каза болгон. Ал укук коргоо органдары тарабынан атып өлтүрүлгөнбү же өз жанын кыйдыбы азырынча белгисиз. Интернетте окуянын күбөсү тарткан видео жарыяланды.
Чехиялык басылмалардын маалыматына караганда, атуу искусство факультетинин студенти Давид Козак тарабынан жасалган. Ал 24 жашта болчу. Кол салган адам адегенде имараттын ичинде, андан кийин башка студенттер жашынууга аракет кылып жаткан чатырга ок чыгарган. Ок атуу оптикалык көрүнүшү бар мылтыктан жасалган.
Полиция кызматы жигит атасын университетте ок атуудан бир нече саат мурун өлтүргөн деп шектелүүдө. Ок аткан жарандын батирин тинтүү учурунда ага мыйзамдуу түрдө таандык болгон куралдын бир нече түрү табылган.
Чехиянын полициясы ошондой эле Козактын Праганын четиндеги токойдо 15-декабрда 32 жаштагы кишини жана анын эки айлык кызын атып өлтүргөн ачыла элек кылмышка тиешеси бар экенин иликтеп жатат.