"АКШ Газадагы согушта Израиль менен шериктеш". Палестина элчиси билдирүү жасады

Америка Кошмо Штаттары Газадагы кылмыштарда Израиль менен кошо жасап жатат. Мындай билдирүүнү Палестинанын Венадагы элчиси Салах Абдель Шафи жасаганын чет элдик басылмалар жазды.

Анда Палестинанын элчиси Бириккен Улуттар Уюмунун Газада ар бир алтынчы мүнөттө бирден бала өлүп жатат деген маалыматын бекемдеген.

"Көптөр бул сандар көбөйтүлүп, ашыра айтылган деп санашат. Жок, тескерисинче алар кадимки кырдаалдан кем айтылган сандар. Себеби миңдеген киши урандылардын алдында жатат. Ошентип, АКШ Израилди колдойм деп бул кылмышка кошо катышты", - деген Салах Абдель Шафи.

Мындан тышкары ал Газа менен сыймыктанып келгенин жана четте карап тура албастыгын, өзүнүн милдетин кесипкөйлүк менен аткарууну улантарын билдирди.

"Газада менин үй-бүлөмдүн кээ бир мүчөлөрү калды. Эки жума мурда ал жакта эки ата өткөн иним каза тапты. Газада башка туугандарым үйүн таштап түштүктү көздөй жылды. Алар азыр өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатат", - деген ал.

Эгерде америкалыктар израилдиктерди токтотууну кааласа, аны деле жасай алышарын, бирок мунун ордуна АКШ аларга колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан