"Ошко дагы көңүл буруп койсоңуз" Окурман Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну кайрылды. Окурман "Урматтуу министр Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын "Тез жардам" кызматын көзөмөлдөп койсоңуз" деп саламаттык сактоо министрине кайрылуу жолдоду.

"Жаш балдар арасында оору күчөп, эмдетүүгө алып барсак медайымдар орой мамиле кылып жатышат. Анан дагы тамчылатма дары койгону үчүн 250 сомдон алышат экен. Жок дегенде чек беришсин, акчабыз өлкө казынасына түшсүн. Орулар күчөп турганда Ошко дагы көңүл буруп койсоңуз", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан