Кыргызстандын туусу өзгөртүлдү. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Ага ылайык, мыйзам Кыргызстандын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргызстандын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргызстандын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат, ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан