Индонезияда заводдон чыккан өрттөн 13 адам каза болду

Индонезиянын Сулавеси аралындагы металлургиялык заводдон өрт чыгып, 13 адам көз жумду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо 24-декабрда эртең менен никелди кайра иштетүүчү ишканалардын биринде болгон. Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, 46 адам жаракат алган.

Аталган ишкана жетекчилиги өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча топ түзгөнү кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан