Санкт-Петербургда аукцион өтүп, анда Владимир Путиндин 1990-жылдардагы визиттик картасы сатылды. Анын баасы 2 миллион рублду түзгөн. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыкты.
Аукцион үйүнүн жетектөөчү адиси Финист Цыганков визиттик картаны сатып ала турган кардарлардын саны көп болгондугун билдирди.
"Визиттик карта үчүн күрөш бир топ узакка созулду. Балким, беш мүнөт, бул аукцион үчүн абдан көп. Бирок ал ушул бийиктикте бекитилди”, - деди Финист Цыганков журналисттерге берген маегинде.
"Путиндин визиткасы эл депутаттарынын Ленинград шаардык кеңешинин төрагасынын эл аралык мамилелер боюнча кеңешчиси болуп иштеген мезгилге таандык. Картада ал өзүнүн кол жазмасы менен телефон номерлерин жазган", - деп айтылат маалыматта.