Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев Бакыт Эргешевич суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Аны кызмат ордуна дайындоо маселеси Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилгени кошумчаланды.
Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келе жатат.