Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова мектептерде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүүнү жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 25-декабрда Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Эл өкүлү тамакка бөлүнгөн каражат айрым жерлерде ортодо жем болуп калып жатканын айтып, Талас районунун Кара-Суу айылындагы бала бакчаны мисал келтирди.
"7-14 сомго эптеген тамак алып бергенден көрө, такыр эле жоюп салбайлыбы. Анткени жогоруда мисал кылгандай бөлүнгөн акчалар башкаларга жем болууда. 14 сом толук бир балага кетпейт. Директорлор тендерлерде ортомчулар менен сүйлөшүп алып, 7-8 сомун жеп коёт экен. 1-класстан 4-класска чейин тамак бербей эле коёлу. Катыган нан жеп, арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз, эч ким өлгөн эмес. Ортодогу акчаны бирөөгө жедиртип койбойлу. Бюджетти биягынан толтуруп жатабыз, асты тешик ошол жактан түшүп жатат. Биздин президент аракет кылып жатат. Ортомчу шүмшүктөр жеп кетип жатат. Андан көрө баарын жокко чыгарып туруп, бирөөгө жем болбойлу", - деди Айдарова.