Москванын Замоскворецкий райондук соту 2011-жылы адам өлтүрүүгө шектелген Сергей Базановду камакка алды. Бул тууралуу РБК жазды.
Маалыматка ылайык, актёрго карата "Жалданмачылык максатында бир топ адамдар же уюшкан топ тарабынан жасалган адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат.
Сот аны эки айга, 2024-жылдын 20-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
ТАСС агенттигине укук коргоо органдарындагы булагы буга чейин кармалган адам "Слово пацана" сериалынын актёру экенин билдирген. Анын айтымында, кылмыштуу топтун курамында Базанов болгон жана 2011-жылы Москвада ишкерге кол салган.
Анда кылмышкерлер ишкерди башка атып, 900 миң доллары бар сумкасын уурдап кетишкен. Жабырлануучу ооруканадан каза болгон.