Түркмөнстандын айрым аймактарында Жаңы жыл майрамын белгилөөгө тыюу салынды

Түркмөнстандын айрым аймактарында балдардын балаты майрамына тыюу салынууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Борбор калаа Ашхабадда расмий жаңы жылдык балатылар үч гана жерге орнотулуп, буга чейин башкармалыктын имараттарынын алдына коюлган балатылар демонтаждалган. Протоколдук көчөлөрдүн айрым участоктору гана гирляндалар менен кооздолгон. Райондун борборлоруна бир же эки гана балаты орнотулган.

Бийлик бул кадамын өрт коопсуздугу менен түшүндүрүүдө.

Мындан сырткары, спирт ичимдиктерин сатуу катуу көзөмөлгө алынып, бул продукцияны саат 22:00дөн кийин сатууга тыюу салынды. Бул тыюу 31-декабрга чейин созулат.

Ал арада Ашхабадда укук коргоо кызматкерлери борбор калаанын тургундарына каникул учурунда ызы-чуу жана туруксуздук үчүн жазаланышы мүмкүн экенин эскертип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан