69 жаштагы актёр Жеки Чан Шанхайдагы ооруканалардын бирине тез арада жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланып, дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
Маалымат кызматтарында белгиленгендей, Жеки Чандын ооруканага жаткырылганы тууралуу бардык жаңылыктар кытайлык социалдык тармактардан активдүү өчүрүлүп, ал тууралуу жазган аккаунттар жабылууда.
"Учурда актёрдун абалы тууралуу расмий маалымат жок. Жеки Чандын үй-бүлөсү жана достору да анын ден соолугуна комментарий бербей эле", - деп айтылат маалыматта.