Бүгүн, 27-декабрда Түштүк Кореянын белгилүү актёру Ли Сон Гюн өзүнүн өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, актёрдун жансыз денеси Сеул шаарындагы сейил бакта токтоп турган унаадан табылган. Анын жанындагы жүргүнчү отургучта көмүр брикет болгон. Мындан улам полиция ал өзүнө-өзү кол салган деп билдирди.
Ошондой эле полиция кызматкерлерине бул окуя катталганга чейин актёр өз жанын кыюу тууралуу окшош кат жазып үйүнөн чыгып кеткени жана анын унаасы дайынсыз болуп жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
"Ли Сон Гюн буга чейин баңгизат колдонгон деп айыпталып, полицияга үч ирет сурак берген. Тагыраагы, ал Каннам районундагы сеулдук жогорку даражалуу бардын ээсинин үйүндө марихуана жана башка мыйзамсыз заттарды колдонгон делип шектелген. Муну ал үй кожойкеси аны алдап баңгизат ичиргенин жана ал эмне ичип жатканын билбегендиги менен түшүндүргөн", - деп жазылат маалыматта.
Кийинчерээк тергөө иштеринин жүрүшүндө актёр наркотик колдонбогонун ырастоо үчүн бир нече тесттерди тапшырган. Жыйынтыгы терс чыгып, ал күнөөсүз экендигин жарыялаган.
Эске салсак, актёр Ли Сон Гюн Кореянын "Паразиттер" тасмасында башкы каармандардын биринин ролун ойногондон кийин атактуулукка жеткен. Аталган тасма 2020-жылы "Оскар " сыйлыгынын ээси деп табылган.
Актёр 1975-жылы 2-мартта Түштүк Кореянын Сеул шаарында төрөлгөн. Ал Корея улуттук университетинде артист кесиби боюнча билимин жогорулатып, "Жардамсыз", "Бардыгы жубайым жөнүндө", "Оор күн" сыяктуу романтикалуу долбоорлордо роль жараткан.