Бүгүн, 27-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, өзү туулган жерде айыл өкмөт башчысы болуп иштөөгө уруксат берүү сунушталууда. Ушундай эле талапты Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринен дагы алып салуу каралган.