Коңшу Казакстандын Алматы шаарында интимдик видеого тартылып жүргөн 100дөй кыз аныкталып, топтун уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Алматы полициясы кабарлады.
Полициянын маалыматы боюнча, ал адам интимдик материалдарды таратуу үчүн трансулуттук кылмыштуу топту уюштуруп, 300дөн ашык веб-камера моделдерин иштеткен ири моделдик агенттиктин астында иш алып барган.
Кыздар негизинен уюшкан кылмыштуу тптун мүчөлөрү үчүн интимдик видеого тартылып келгени аныкталган.
Учурда бул боюнча текшерүү жана тергөө иштери уланууда.