Эрдоган Израилдин премьер-министри Нетаньяхуну Гитлерге салыштырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Адольф Гитлерге салыштырды. Түрк лидеринин сөзүн TRT Haber телеканалы билдирди.

"Нетаньяху бүгүнкү күндө жасаган кылмыштары менен Гитлердин 80 жыл мурда нацисттик Германияда болгон окуясынын ортосунда эч кандай айырма жок", - деген Эрдоган.

Буга чейин Эрдоган 2018-жылдын 24-июлунда Израиль бийлигинин өкүлдөрүнүн арасында Гитлердин арбагы пайда болгонун айткан. Ал Израилди "эң сионисттик, фашисттик жана расисттик мамлекет" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан