Европа комиссиясынын мурдагы төрагасы, бирдиктүү европа валютасы - евронун негиздөөчүсү Жак Делор каза болду. Анын бүгүн, 28-декабрдын таңында Париждеги үйүндө 98 жаш курагында каза болгону тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Делор 1973-жылы Франциянын социалисттик партиясынын катарына кирген. 1979-1981-жылдары Европарламенттин депутаты болгон. 1981-1984-жылдары - президент Франсуа Миттерандын тушунда Пьер Моронун өкмөтүндө экономика жана финансы министри кызматын аркалаган.
10 жыл бою, 1985-1995-жылдары Еврокомиссияны жетектеген.
Делордун ысымы европалык интеграциянын эң конструктивдүү этабы менен байланышкан. Анын катышуусу менен бирдиктүү европалык ички рынокту түзүү башталып, жамааттык институттарда чечим кабыл алуу процесси өркүндөтүлүп, бирдиктүү европалык валютаны түзүүгө негиздер түптөлгөн.
Ал ошондой эле Шенген мейкиндигинин, "Эразмус" европалык билим берүү программасынын жана Евробиримдиктин жалпы айыл чарба саясатын реформалоонун архитекторлорунун бири болуп эсептелет.
1995-жылы сурамжылоолорго ылайык, президенттик шайлоо өнөктүгүндө фаворит болуп саналган Делор түз эфирде эл алдында шайлоого катышуудан баш тарткан.