Колумбияда америкалык ырчы Шакиранын урматына айкел орнотулду

Ырчы Шакиранын туулган жери Колумбиянын Барранкилья шаарында анын урматына коло айкел орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, бийиктиги 6,5 метр болгон эстеликтин ачылышына Шакира өзү катышкан жок. Анын ата-энеси Уильям Мебарак менен Нидия Риполь жана бир туугандары шаардын мэри менен жолугуп, ыраазычылыгын билдиришкен.

Ырчы социалдык тармактагы баракчасына видео, сүрөт жүктөп, скульпторго жана анын окуучуларына бул эмгеги үчүн ыраазычылык айткан.

"Бул айкел - менин өлкөм эбегейсиз таланттуу өнөрпоздордун мекени экендигинин далили", - деп жазган ал.

Айкел толугу менен колодон куюлуп, Шакиранын 2005-жылы тартылган "Hips Don’t Lie" клибиндеги образынан жасалган. Жергиликтүү сүрөтчү Ино Маркес аны жаратууга беш ай убакыт кетирген. Буга райондук искусство мектебинин окуучулары жардам беришкен.

Шакира Изабель Мебарак Риполь - колумбиялык ырчы, бийчи, модель жана көп ырлардын автору. Ал көпчүлүккө Шакира деген ат менен таанымал.

Ырчы "MTV Video Music Awards" , Гремми, Billboard Music Awards жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси ошондой эле "Алтын глобус" наамынын жеңүүчүсү. Шакира дүйнө жүзү боюнча 70 миллиондон ашык альбомун саткан артисттердин катарын толуктайт. Ошондой эле американын Форбс журналы боюнча ааламдагы эң күчтүү аялдардын тизмесине кирген. Учурда Шакира 46 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан