Пенсионер каза болгон учурда сөөк коюуга канча жөлөк пул берилет? Соцфонддун жообу 

Пенсионер каза болгон учурда сөөк коюуга 31 миң 700 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Жыйында "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам каралып жаткан. Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков пенсионер каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөк пул берүү маселесине кызыкты.

Ага Жуматаева сөөк коюуга жөлөк пулдун өлчөмү пенсиянын 10 базалык бөлүгүнөн туруп – 31 миң 700 сомду түзөрүн айтты.

Жогорку Кеңеш 28.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан