Казакстандын Астана шаарынын бийлиги шаар тургундарына аба ырайынын кескин начарлашын эскертип, шаардын сыртына чыкпоого чакырды. Мындай маалымат Астана акимиатынын расмий сайтына жарыяланды.
"Аба ырайынын кескин начарлашына, тактап айтканда, кар күрткүсү, кардын жаашы жана шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткендигине байланыштуу, Астананын Өзгөчө кырдаалдар департаменти борбор калаанын тургундарына жана конокторуна шаардын сыртына чыгуудан баш тартып, этият болууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.
"Казгидрометтин" маалыматы боюнча, 29-31-декабрга чейин Астанада кар калың жаашы, шамалдын күчөшү жана кар күрткүсү күтүлөт.