Ким Чен Ын Түндүк Кореянын армиясын согушка даярданууга чакырды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чем Ын аскерлерди жана курал өндүрүүчүлөрдү согушка даярдыкты тездетүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ким Чен Ын башкаруучу Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин пленумунда Түндүк Кореянын армиясы жана аскердик өнөр жайы мүмкүн болгон согушка даярдык көрүү аракеттерин күчөтүшү керек деп билдирди. Саясатчынын айтымында, куралдуу кагылышуу коркунучу АКШ менен анын союздаштарынын “конфронтациялык аракеттеринен” улам өстү.

"Ким Чен Ын Кореянын элдик армиясына, аскердик өнөр жайына, өзөктүк куралга жана жарандык коргонууга согушка даярдыктарды мындан ары жакшыртууну тездетүү үчүн согуштук миссияларды койду", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, ал 2024-жылды беш жылдык планды ишке ашыруу үчүн “чечүүчү жыл” деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан