Казакстан талибдерди тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарышы: Орусия билдирүү жасады

Казакстандын "Талибан" кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими Ооганстанды изоляциядан алып чыгып, аймакта туруктуулукту орнотууга салым кошот. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Астананын бул чечими ооган бийликтери менен диалогду өнүктүрүүгө жана өз ара ишенимди бекемдөөгө, анын ичинде аймактык коопсуздукту сактоо, террордук жана баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерге оң таасирин тийгизет деп ишенебиз", - деген ал.

Анын айтымында, бул өлкөнүн глобалдык саясий жана экономикалык процесстерге интеграцияланышына шарт түзүп, ооган калкына гуманитардык колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүн, 29-декабрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Казакстан Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарарын айткан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргызстандын аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан