АКШнын Калкты каттоо бюросу жарыялаган маалыматтарга караганда, өткөн жылы жер шарынын калкы 75 миллион адамга көбөйгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январына карата болжолдонгон дүйнө калкынын саны 8 миллиард 19 миллион 876 миң 189 адамды түзөт, бул 2023-жылдын Жаңы жыл күнүнө карата 75 миллион 162 миң 541ге (0,95 пайызга) көп.
Эл каттоо бюросунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башында секунд сайын 4,3 ымыркай төрөлөт жана секунд сайын эки адам өлөт.