Бүгүн, 31-декабрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жыл майрамына карата концерт башталып жатат.
Майрамдык иш-чара "Ала-Тоо" аянтында саат 19:30дан 24:00гө чейин болмокчу. Анда белгилүү маданият ишмерлери, шоу-бизнес өкүлдөрү элге жагымдуу маанай тартуулайт. Учурда шаардыктар жана коноктор чогулуп жатышат.
Кечеге келген коноктордун "Ала-Тоо" аянтына жык толгонун көрүүгө болот.
Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери шаардыктардын коопсуздугун камсыздап жатышат.