Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков анын дарегине айтылган “атасынын акчасы, аброюнун жардамы менен шайланды” деген сындарга жооп берди. Бул тууралуу эл өкүлү SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.
"Атамдын даражасы, кадыр-баркы менен депутат болуп келгенимди танбайм. Баарыбыз эле ата-эненин тарбиясын алабыз. Атам 4 жолу катары менен депутат болгон адам, анын жолун улап парламентте отуруу мен үчүн сыймык. “Атасы Самаков болсо, албетте, депутат болот да” дегендерге айтарым, атамдын арты менен болбогондо кимдин арты менен болом? Атам бирөөнүн байлыгын уурдап же тартып алган эмес. Азыркы эл арасындагы кадыр-баркына ак эмгеги менен жеткен. Мен атамдын аброюнун артынан депутат болгонума уялбайм, тескерисинче, башымды бийик көтөрүп жүрөм.
Анан да “көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” деп коюшат. Менин деле башымдан көп окуялар, турмуштук сабактар өттү. Бир жолу ыраматылык Чубак ажы менен сүйлөшкөнүмдө “ар бир баланын атасыныкынан тышкары өзүнүн ырыскысы болот” деген эле. Маңдайга жазылган нерсе ошол өзүбүзгө тиешелүү ырыскынын негизинде болуп жатат деп ойлойм. Калгандары ошол ырыскыга жардамчы, көмөкчү, колдоочу. Мага Кудай ошол ырыскысын кенен бергенине, мага ишенген колдоочу, тирөөчүлөрүмдүн көп экенине ыраазымын", - деди Самаков.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.