Палестинанын Газа тилкесинде 1-январга караган түнү жөөт армиясынын соккуларынан кеминде 35 кишинин өмүрү кыйылды. Израил армиясы кечээ түнү саат жебеси 12ни каккан учурда, Газанын так ортосуна согуштук учактар менен бомбаларды ыргытты.
Газаны тышкы дүйнө менен байланыштырган жападан-жалгыз маршрут Египет менен чек арадагы Рафах шаары. Ал жер азыр бул анклавдын кан төгүлүп жаткан башка бөлүктөрүнөн качып барган жай тургундарга жык толуп турат. Гуманитардык каатчылык жаралып, чатырларга батпаган качкындардын көбүнүн күнү көчөдө өтүүдө.
Ал эми согуш башталган күндөн бери 21 978 адам өмүрү менен кош айтышты. Шейит болгон балдардын саны 10 миңден ашты. 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.