Орусия менен Украина жарым жылдан бери биринчи жолу туткундарын алмашты

Орусия менен Украина акыркы алты айдын ичинде биринчи жолу туткундарды алмашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта Москва Украинадагы аскердик операцияларга катышкан 248 орусиялык мекенине кайтып келгени айтылат. Ал эми Киев 230 адам, анын ичининен 6 карапайым тургун кайтып келгенин ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен ишке ашты. Москва менен Киев барымтадагыларды акыркы жолу былтыр 7-августта алмашышкан.

Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлиги да ортомчулук аракеттери тууралуу билдирүү таратты.

"Бул ортомчулук аракеттеринин ийгилиги Бириккен Араб Эмираттарынын Орусия жана Украина менен болгон бекем достук мамилесинин көрсөткүчү", - деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец бул тараптардын 49-жолку алмашуусу экенин тактады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан