Казакстандын президенти Конституцияны өзгөртүү жана 2026-жылдагы президенттик шайлоого кайрадан катышуу пландары жоктугун айтты. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев "Эгемен Казакстан" гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, президент бир гана жолу шайлана алат деген эреже экинчи эч качан өзгөрбөйт.
Казакстандын азыркы Конституциясына ылайык, президент бир жолу 7 жылдык мөөнөткө шайлана алат, андан кийин анын ыйгарым укуктары аяктайт.
Токаев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү планы тууралуу кептерди четке кагып, президент бир гана жолу шайлана турган эреже "экинчи эч качан өзгөрбөйт" деп баса белгиледи.