Бүгүн, 4-январда Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус 10 жеңил унааны сүзүп, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, болжол менен саат 10:45 чамасында Жамбыл облусунун Тараз шаарында көчөлөрдүн биринде орун алган. Видеодон автобус каршы тилкеге чыгып, бакты андан кийин токтоп турган жеңил унааларды сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
"Жол кырсыгы катталган учурда автобуста 10 жүргүнчү болгон. Алардын бири 56 жаштагы аял алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда автобустун айдоочусуна карата сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.