Бүгүн, 5-январда саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Абдылдаев Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган. Бул тууралуу ЖАКтын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
Ага ылайык, 16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевге карата Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына 16-декабрдан 15-январга чейин камакка алуу баш коргоо чарасын колдонгон.
28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу "Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.
"№31 мекемеге келгенден кийин, 29-декабрда айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев өзүнү жаман сезгендигине байланыштуу дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: "такталбаган психотикалык инсандык бузулуу. Коронардык жүрөк оорусу. Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору" жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган",-деп айтылат маалыматта.
Жансыз денеде эч кандай жаракаттар табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.