Ирандын Кум шаарында 3-январда Кермандагы террордук чабуулда набыт болгондор үчүн өч алуу каалоосунун символу болгон кызыл “өч алуу желеги” көтөрүлдү. Тиешелүү кадрларды Tansim агенттиги 5-январда бөлүштү.
Акыркы жолу мечиттин үстүнө кызыл желек 2020-жылдын башында генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин көтөрүлгөн. Ал Иран Ирактагы америкалык базаларга чабуул койгондон кийин алынып салынган.
Кермандагы Сулеймани коюлган көрүстөндүн жанында 3-январь күнү эки жардыруу болгон. Керман губернаторунун орун басары Рахман Жалали окуяны теракт деп баалады. Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруулардан 95 адам каза болду.