Түштүк Кореянын чалгын кызматы Ким Чен Ындын болжолдуу мураскерин жарыялады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кызы Түндүк Корея лидеринин мураскери катары каралууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Он жашта деп эсептелген Чжу Э аттуу кыз эл алдына биринчи жолу 2022-жылдын ноябрь айында чыккан. Анда ал атасы менен бирге алыскы аралыкка учуучу ракетанын сыналышын көргөн. Ошондон бери атасын коштоп көптөгөн коомдук иш-чараларга катышып келет.

Мамлекеттик маалымат каражаттары аны Ким Чен Ындын "эң сүйүктүү" баласы деп атап, анын саясий жактан өсүп баратканын жана атасына болгон жакындыгын мисал келтиришкен.

Чалгын агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү Түндүк Кореяда бийликти өткөрүп берүүнүн бардык варианттарын дагы эле карап жатканын билдирди. Анткени Ким Чен Ын али жаш, ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жок. Дүйшөмбү, 8-январда Түндүк Кореянын лидери 40 жашка толот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан