Голливуд актёру Кристиан Оливер жана анын 10 жана 12 жаштагы эки кызы Кариб деңизинде учак кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалым болгондой, 4-январь күнү 51 жаштагы актёр кыздары менен бир моторлуу чакан учакта Сент-Люсия аралын көздөй учуп бара жаткан. Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй, аралга жакын океанга кулап түшкөн.
"Полиция иликтөөнү баштап, куткаруучулар суудан Оливер жана анын кыздарын, ошондой эле учкуч Роберт Сакстын сөөгүн алып чыгышкан. Кыйроонун себеби иликтенип жатат", - деп жазылат маалыматта.
Социалдык тармактарда учак кырсыгынын видеосу пайда болгон. Анда учак катуу ылдамдыкта сууга кулап түшкөнүн көрүүгө болот.
Кристиан Оливер 1972-жылы Германияда төрөлгөн, ал "Операция Валькирия", "Спиди-гонщик" жана "Гремучие змеи" тасмаларындагы ролдору менен белгилүү. Анын фильмографиясы 57 эмгекти камтыйт.