Түркмөнстанда мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовго арналган мавзолей курулат

Түркмөнстандын Аркадаг шаарында мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовго арналган мавзолей курулат. Бул тууралуу Түркмөн ньюс басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган шаарда мечиттин курулуш иштери жүрүп, ага 400 миллион доллар каражат кетет. Ал эми мечиттин жанына курула турган мавзолейдин бюджети канча болору айтылган эмес. Мечиттин да, мавзолейдин да сырты асыл таштар менен кооздолору маалымдалат.

Түркмөнстандагы эң чоң мечит 2004-жылы салынып, ага туңгуч президент Сапармурат Ниязовдун ысымы берилген. Ал эми мечиттин жанында Ниязовдун үй-бүлөсүнүн мавзолейи курулган. Анда анын ата-энеси, эки бир тууганынын сөөгү, кийин Ниязовдун өзүнүн сөөгү да көзү өткөндөн кийин ошол мавзолейге коюлган.

Белгилей кетсек, Аркадаг шаары Ахал облусунда түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедов үчүн нөлдөн баштап курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан