"Социалдык контракт" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүнөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык контракт" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүү менен 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүү пландалып жатканын билдирди.

Аталган министрликтен маалымдагандай, соңку бир жарым жылдын ичинде 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишкерлигин ачкан. Бул долбоорго катышуу үчүн 14 миң 985 арыз берилген, анын ичинен 12 миң 800 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык келишим аркылуу өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алган.

"Программага катышкандардын 95,8 пайызы негизинен айыл жеринде жашаган аялдар. Бүгүнкү күндө 13 миңдей бизнес-долбоордун ичинен 17 адам гана катуу оорунун жана башка күтүлбөгөн жагдайлардан улам долбоорду аягына чыгара алган жок", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарга жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан