Кечээ, 7-январда Калифорниянын Лос-Анжелес шаарында "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруунун 81-жолку аземи өттү. Анда 2023-жылдын мыктыларына сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанатты CBS телеканалы жеринен түз алып көрсөттү.
2023-жылы "Алтын глобус" сыйлыгы боюнча эң мыкты режиссёр наамы "Оппенгеймер" биографиялык тасмасынын режиссёру Кристофер Ноланга ыйгарылды.
Бул наамга Кристофер Ноландан тышкары "Айды өлтүргүчтөр" тасмасы менен Мартин Скорсезе, "Өткөн жашоо" тасмасы менен Селин Сон жана Гретта Гервиг, Бредли Купер ошондой эле грециялык режиссёр Йоргос Лантимос көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда Нолан режиссёрлук кылган "Оппенгеймер" тасмасы "Мыкты драмалык тасма" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын жеңип алды.
Кристофер Нолан - британ жана америкалык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер катары белгилүү. Ал 1970-жылы 30-июлда Улуу Британиянын Лондон шаарында жарыкка келген. Атасы британдык Жеймс Нолан жарнамалар боюнча менеджер болуп эмгектенсе, апасы американын кызы Кристина стюардесса жана англис тилинен сабак берип иштеген. Нолан Американын дагы, Британиянын дагы жарандыгын алган.
11 жашынан тарта режиссер болууну кыялданган Нолан кино тармагына 1998-жылы арашалып, бүгүнкү күндөгү атактуулукка талыкпаган эмгек менен жаралган тасмаларынын аркасында жеткен. Ал бул аралыкта көптөгөн сыйлыктарды жеңип, бир канча наамдардын ээси болгон.
Учурда режиссер Оливер, Магнус, Рори жана Флора аттуу төрт баланын атасы. Жубайы Эмма Томас менен жогорку окуу жайдан таанышкан. Ал жолдошунун бардык тасмаларынын продюсери катары белгилүү.
АЛТЫН ГЛОБУС СЫЙЛЫГЫН ЖЕҢИП АЛГАН АКТЁРЛОР
"Алтын глобус" сыйлыгы боюнча драмалык тасмаларда эң мыкты аялдын ролу наамына мыкты актриса катары "Айды өлтүргүчтөр" тасмасындагы америкалык актриса Лили Гладстоун татыды.
Актриса 1986-жылы Америка Кошмо Штаттарында туулган. Ал актрисалык кесипти 2012-жылы баштап, "Жимми Пикар", "Бир катар аялдар" тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Ал эми 2023-жылдын Мыкты актёру наамын ирландиялык актёр Киллиан Мерфи жеңип алды. Ага бул сыйлык "Оппенгеймер" драмалык тасмасындагы башкы каармандын образын жогорку деңгээлде ойногон ролу үчүн ыйгарылды.
Киллиан Мерфи 1976-жыл 25-майда Ирландиянын Корк шаарында мамлекеттик кызматкерлердин үй бүлөсүндө туулган. Үйдүн улуусу.
Ал алгачкы жолу актёрлук дебютун 1996-жылы сентябрда Энда Уолшго таандык "Чочкодисколору" тасмасында Корк шаарындагы ачуулуу өспүрүмдүн ролун ойноп жасаган.
Мындан тышкары ушул эле тасманын дагы бир актёру Роберт Дауни экинчи пландагы ролу үчүн мыкты актёр деп табылып, ушул эле категория боюнча "Мураскер" аттуу чакан сериалда ойногон Мэттью Макфэдиен да "Алтын глобус" сыйлыгын алды.
"Экинчи пландагы эң мыкты актриса" сыйлыгын "Оставленные" тасмасындагы жараткан ролу үчүн америкалык актриса Давайн Жой Рэндольф менен "Таажы" тасмасындагы принцесса Диана каармандыгын ойногон австралиялык актриса Элизабет Дебикки алды.
Ал эми чакан сериалдарда жараткан каармандыктары үчүн мыкты актёр жана актриса наамы "Грызня" долбоорунда ойногон артисттер Стивен Ян менен Али Вонгго ыйгарылды.
Ошондой эле америкалык актриса Эмма Стоун комедия же музыкалык жанрдагы тасмада мыкты роль жараткандыгы үчүн мыкты актриса номинациясына "Байкуштар-бактысыздар" фильминдеги ролу үчүн татыды. Ал карьерасында мындай номинация боюнча сыйлыкты сегизинчи жолу багындырышы жана "Алтын глобус" сыйлыгынын 2-жолку ээси.
Мындан тышкары актёрлор Пол Жаматти, Сара Снук, Киран Калкин, Айо Эдебири, Жереми Аллен Уайт жана Стивен Ян тасмаларда жараткан ролдоруна ылайыктуу жылдын мыкты актёр-актриса номинациясы боюнча сыйланышты.
СЫЙЛЫККА ТАТЫГАН ТАСМАЛАР
"Алтын глобус" сыйлыгында көрүүчүлөр арасында чоң кызыгууну жараткан тасмалар, мультфильмдер жана сериалдар да тизмектелди.
Ага ылайык, эң мыкты анимациялык тасма үчүн сыйлык атактуу япониялык режиссер Хаяо Миядзакиге таандык " Бала менен куш" тасмасына ыйгарылды. Ал дүйнөгө "Жөө сепил" жана башка ушул сыяктуу эмгектери менен таанымал.
Мындан тышкары 81-жолку аземде жаңы кошулган "Киноматографиялык жана каражат жагынан жетишкендик" номинациясын "Барби" тасмасы жеңип алды.
Бул категорияда АКШда 100 миллион доллардан кем эмес, ал эми дүйнө боюнча 150 миллион доллардан жогору киреше алып келген тасмалар арасынан тандалды. Сыйлык үчүн жеңишти илип кеткен тасмадан тышкары "Оппенгеймер", "Галактиканын сакчылары. 3-бөлүм", "Жон Уик 4" жана башка ушул сыяктуу мактоого арзыган долбоорлор ат салышкан.
Ал эми Билли Айлиш "Барби" тасмасы үчүн жарыкка чыккан "Мен эмне үчүн жаралганмын?" деген ыры менен "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болду. Айтымында, бул чыгарманын үстүнөн иштегени текке кетпестен, аны жашоосундагы оор күндөрүндө сактап калган.
Эң ийгиликтүү чакан сериалы деп "Грызня" тасмасы аталды. Анда башкы каарманды актриса Али Вонг менен бирге Стивен Ян ойногон.
Ошол эле учурда мыкты комедиялуу сериал номинациясы боюнча сыйлыкты "Аюлар" долбоору илип кетти.
Эске салсак, алтын глобус - 1944-жылдан бери Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясы тарабынан кино жана телефильмдердеги эмгеги үчүн ыйгарылган америкалык сыйлык. Ал Голливуд шаарында жашаган 90го жакын эл аралык журналисттердин добушунун негизинде аныкталып, жыл сайын январь айында ыйгарылып келет.