WhatsApp мессенжеринде жаңы функция пайда болду

WhatsApp мессенжерин эми Android колдонуучулары үчүн видео чалууларда экранды бөлүшүү учурунда видеолорду бөлүшүү жана музыка угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, аудио бардык түзмөктөрдө синхрондуу ойнойт жана виртуалдык кинолорду да көрүүгө болот.

"Экраныңызды бөлүшкөндө, түзмөгүңүздө ойногон аудио маектешиңиздин түзмөгүндө да ойнойт",- деп белгилешти эксперттер.

Учурда бул функция бета-версиясында иштеп баштады. Ал эми жакынкы жумаларда бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Белгилей кетсек, буга чейин декабрь айында иштеп чыгуучулар iOS түзмөктөрү үчүн ушундай вариантты жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан