Франциянын премьер-министри отставкага кетти

Франциянын премьер-министри Элизабет Борн отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, президент Эммануэль Макрон аткаминердин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алып, ага иши үчүн ыраазычылык билдирди. Жаңы Министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин Борн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу макамда болот.

"Урматтуу премьер-министр, сиздин элибизге кылган кызматыңыздын ар бир күнү өрнөктүү жана үлгү болду. Сиз кайраттуулук, чечкиндүүлүк менен реформаларды ишке ашырдыңыз. Сизге чын жүрөктөн рахмат", - деп жазган Макрон социалдык тармактагы баракчасына.

Элизабет Борн 2022-жылы май айында премьер-министрлик кызматка келген. Ага чейин ал бир нече министрлик кызматтарды аркалаган.

Ал Франциянын тарыхында өкмөт башчы кызматында иштеген экинчи аял. Элизабет Борн премьер-министр болгон учур Франция үчүн оңой болгон жок. Пенсия реформасы, мигранттар кризиси жана жалпы кымбатчылык өкүм сүрүп турду.

2027-жылы боло турган президенттик шайлоого ишенимдүү баруу үчүн Макрон азыртадан экономика жана ички саясат чөйрөсүндө жөндөмдүү өкмөттү түзүшү керек.

Эммануэль Макрон кийинки премьер-министр катары кайсы саясатчыны көрөрүн азырынча айткан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан