Ташкентте бекер пальто таратып жаткан учурда эл ызы-чуу жаратты. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышып, андагы видео менен бөлүшүштү.
Видео Өзбекстандын борборунда тартылган. Анда чогулган эл тепселенип, дүкөндүн сыртында мушташып, эшиктерди талкалашкан. Жергиликтүү укук коргоо органдары 4-январда Юнусабад районунда жайгашкан кийим-кече дүкөнүнүн ээлери 300 даана эркектердин кышкы пальтосун бекер таратып жатканы тууралуу социалдык тармактарга жазып, дүкөндүн сыртына эл чогулуп, баш аламандык баштаганын кабарлады.
Дүкөндүн ээси Өзбекстандын Административдик кодексинин 200-1-беренесине ылайык, "Массалык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу" боюнча айыпка жыгылды. Айып пулдун көлөмү 5 миллион өзбек сумун түзгөн. Ошондой эле дүкөндүн тогуз кызматкери айыпка тартылды.