Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди (фото)

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана өлкөнүн Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.

Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан