
Германияда салыктык жеңилдикти жоюу планына каршы фермерлер нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу RT чет элдик басылмасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Берлин тарапты көздөй жыла баштаган немец фермерлери бир аптага акцияга чыгышканын жарыялап, аларды нааразы кылган нерселер көп экенин айтышкан.
"Жүздөгөн фермер жолду тосуп, өкмөттүн салык боюнча кезектеги планына каршы экенин билдиришүүдө. Алар нааразылык башталган жерге талаа кухнясын да уюштуруп алышкан. "Фермерсиз келечек жок", "Салык төлөөчүлөрдүн акчасын корото бербегиле" деген ураандарды техникаларга илип, өздөрү менен кошо трассага айдап чыгышкан", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, декабрда Германия бийлиги бюджеттик каатчылыктан улам токой жана айыл чарбасында транспорт боюнча жеңилдетилген салыкты жоерун, дизелге субдсидия берилбей турганын билдирген.
Фермерлер дал ушул жаңылыктан кийин козголгон.