Өзбекстандын окумуштуулары дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы жей турган вакцина ойлоп тапты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, дары үчүн коронавирустун S1 антигендик белогун тынымсыз чыгаруучу помидордун сорту тандалган.
Окумуштуулар TOMAVAC препаратынын алгачкы сыноосу ийгиликтүү өтүп, ден соолукка тийгизген терс таасири аныкталбаганын билдиришти.