Путин америкалык мушкерге Орусиянын жарандыгын берди

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык мушкер Кевин Жонсонго орус жарандыгын берди. Тиешелүү жарлык 9-январда расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.

"Төмөнкү адамдарга Орусия федерациясынын жарандыгы берилсин: Жонсон Кевин Блю, 1979-жылдын 7-сентябрында Америка Кошмо Штаттарында туулган", - деп айтылат документте.

44 жаштагы Кевин Жонсон профессионалдык карьерасында рингде 60 беттеш өткөргөн. Жалпысынан ал 36 жеңишке жетишсе, анын 20сын нокаут менен жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан