
Окумуштуулар быйылкы жыл тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн экенин болжолдошууда. Бул тууралуу
Bloomberg басылмасы жазды.
Маалымдалгандай, күндүн табынын ысык болушуна биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатканы белгиленген.
Ал эми серепчилер рекорддук температурага эки фактор таасир этип жатканын белгилешти. Бири температуранын глобалдык жылышы болсо, экинчиси Эль-Ниньо кубулушу болуп саналат. Ал абанын 1,5 градуска көтөрүлүшүнө алып келет.
"Казып алынуучу отун атмосферадагы парник газынын көлөмүн көбөйтүп, глобалдык орточо температуранын көтөрүлүшүнө алып келүүдө. Былтыр орточо көрсөткүч индустриялык доорго чейинки убакытка салыштырмалуу 1,4 цельсияга жогору болгон", - деп жазылат маалыматта.
Мындан улам метеорологдор 2024-жылы кургакчылык менен суу ташкындары күчөйт деп баамдашууда.