“Суу кечпеген сөздөр”. Олжобай Шакирдин жазгандары боюнча сотто эксперт көрсөтмө берди

Бүгүн, 9-январда жазуучу, жарандык активист Олжобай Шакирдин иши боюнча соттук отурум Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда болуп өттү.

Отурумда жазуучунун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган эксперт көрсөтмө берди.

Адис Олжобай Шакирдин жазган тексттерине лингвистикалык гана корутунду бергенин, ал эми юридикалык жагына баа бере албастыгын айтты.

Ошондой эле анын тексттеринде "бузукулук кылайын", "тизгинин кагуу", "камалгандан коркпоо керек” деген өңдүү сөздөрүнө экспертиза жасалганын, анда бийликке каршы сын-пикир бар экени аныкталганын билдирди.

Олжобай Шакир бул сөздөр кылмыш эмес экендигин айтып, “суу кечпеген сөздөр” деп баалады.

Кийинки отурум 19-январга белгиленди.

Эске салсак, 23-августта жазуучу, активист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.

24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы каралып, соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

Эртеси күнү, тагыраагы 25-августта Улуттук коопсуздук комитети анын интернетке жарыялаган постторунан массалык баш аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктар аныкталганын маалымдаган.

Анда Олжобай Шакирдин Фейсбук, ТикТок жана Ютуб баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган активдүү чакырыктарды жарыялап турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-01-09 18:20:00
Арамза, наадан азыркы бийлик. Бир адамга жасалган адилетсиздик, арам иш баарына коркунуч жаратат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан