Садыр Жапаров "Маалымат алуу укугу жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 29-декабрында "маалымат алуу укугу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мыйзам 2023-жылдын 15-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Кабыл алынган мыйзамда ар бир адамдын маалымат эркиндигине, анын ичинде мамлекеттик сектордун субъекттеринин, ушул мыйзам менен аныкталган маалыматтын башка ээлеринин карамагында турган маалыматтарга жетүү укугун ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу жана алардын ишинде максималдуу маалыматтык ачыктыкка, айкындуулукка, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, коомчулук тарабынан алардын коомдук-укуктук милдеттерин аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү каралган",-деп айтылат маалыматта.

Аталган ыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан