Арген Биймырза уулу устаты Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине 5 акынды катыштырбай жаткандыгын айтты

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Арген Биймырза уулу устаты Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине 5 акынды катыштырбай жаткандыгын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга төкмө акын Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими менен Изат Айдаркулова, Акматбек Султан уулу башында турган беш төкмө акын иш-чарага катышуудан четтетилген.

"17-январь улуу устатым Элмирбек Иманалиевдин туулган күнү. Бул күнү устатымды эскерип, ичке толгон сагыныч, кусалыгыбызды аз да болсо таркатып алчу элек. Ичибиздеги бөксө жерди эч нерсе толтура албайт, болгону бир аз каниет кылып калчубуз.

Бул ирет дагы устатымды эскерүү концерти өтөт. Бирок бул жолу Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова, Нурайым Бактияр кызы, Аккыз Абасбекова жана мен Арген Биймырза уулу тилекке каршы катышпай калдык. Мындай нерсе Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими. Биз бешөөбүз концертке катышуу үчүн бардык, бирок алардын ушундай чечим чыгарганын угуп, мындан улам элге ачык айтып койгонду туура көрдүк.
Биз кайда жүрсөк дагы Элмирбектин шакирттерибиз, устатыбыздын атына так түшүрбөйбүз. “Элмирбектин шакирти” деген аттын жоопкерчилиги чоң экендигин өмүр бою ыйык сезебиз!",- деп жазган ал.

Арген Биймырза уулу Эл артисти, көп кырдуу таланттын ээси Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук "Манас" театрында эмгектенет.

Эске салсак, 17-январда Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Иш-чара акындын туулган күнүн утурлай Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан