
17-январда Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.
Ага ылайык, иш-чара акындын туулган күнүндө — 17-январда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.